12.11.2018 11:44
«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырып баштоо боюнча келишимге кол коюлду
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети бүгүн, 12-ноябрда «Вега» ААК менен «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын жүзөгө ашыруу үчүн келишим түздү.
Келишимдеги шартка ылайык, «Вега» 90 күндөн калбай фото жана видео фиксациянын биринчи аппараттык-программалык комплексин монтаждап бүтүшү керек.
«Вега» мамлекеттик комитеттин депозиттик эсебине келишимди аткаруунун кепилдигин камсыздоо катары 245 миллион 713 миң 944 рубль төктү($3 миллиондон ашык).
Биринчи лот боюнча компания 1,125 миллиард сом, экинчиси боюнча — 1,195 миллиард сом сунуштаган. Ишкана 38 жол кесилишине жана Бишкек — «Манас» аэропорту сыяктуу 52 ири жолго видеобайкоо орнотуп берүүнү убадалоодо.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: